7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт министрлигинин стат-катчысы 2,5 млн сом төгүп, бошотулду

233

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы мамлекетке 2,5 миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 7-январында Транспорт министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Мамлекеттик дирекциясындагы (ЖКДК) коррупция фактысы боюнча тергөө учурунда, министрликтин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кармалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2021-жылдын 9-январында Эрмек Мамыркалиев мамлекетке келтирилген зыяндын 2,5 миллион сомдук бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп бергенин маалымдады.

Ошол эле күнү Мамыркалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши боюнча Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 30га жакын аткаминер кармалган. Алардын мамлекетке келтирген чыгымы 20 миллион сомду түзөрү айтылды. Ал арада, Финполдун берген маалыматына караганда, учурда чыгымдын дээрлик баары, 20 миллион сом, бюджетке кайтарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234