7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Цехтен чыккан өрттөн каза болгон 4 жашар кыз боюнча кылмыш иши козголду

759

Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинен чыккан өрттөн улам каза болгон кыз боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте тигүү цехинен өрт чыгып, ал үйдө жашы жете элек кыз А.А. бар экени аныкталган. Ал 2017-жылы туулган. Өрттүн кесепетинен ошол жерден каза болгон.

Бул факт Ленин райондук милициясында каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мындан аркы тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ, 4-ноябрда цехтен чыккан өрттөн улам 4 жашар кыз көз жумган.

Тигүүчү цехтен чыккан өрттөн 4 жашар кыз көз жумду

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760