7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Центерра Голд» кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко бергенин кабарлады

771

«Центерра Голд» кыргыз өкмөтүнүн үстүнүн Кумтөр кенине байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзамын жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасына экологиялык чыгым, салыктан качты деп салынган айыппулун токтотууну талап кылып, эл аралык арбитраждык сотко кайрылганын жарыялады.

Компания кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттерин Кумтөр кениндеги инвестициялык келишимдерди бузуу деп эсептейт. Бул тууралуу  эл аралык басылмаларга таянып»Азаттык» жазып чыкты.

«Центерра Голддун» президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри “ “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жана акционерлердин кызыкчылыгын арбитражда коргоодон башка арга калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барууну кааласа биз даярбыз” — деп билдирет.

Билдирүүдө кыргыз өкмөтүнүн «мыйзамсыз аракеттери» катары: 6-майда Кумтөрдү сырттан башкарууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы, 7-майдагы соттун 3 миллиард доллар экологиялык доо койгон арызды шашылыш канааттандырганы, укук коргоо органдарынын «Кумтөр Голд Компанинин» бир катар менежерлеринин үйүнө чейин барып кызматкерлерин коркутканы, 15-майда компаниянын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү белгиленген.

Компания тараптарда ишти карай турган арбитрды тандоого 28 күн бар экенин эскерткен. Эгер тараптар арбитр ким болоору тууралуу мунаса таба алышпаса, анда “Центерра” арбитрды дайындап берүү өтүнүчү менен Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылмакчы. Эске салсак “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүгө 45 күн убакыт берип, бул аралыкта тараптар бир пикирге келе албаса, эл аралык арбитражга даттана турганын жарыялаган болчу.

17-майда Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссия парламентте маалымат берет.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772