7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядагы элчи Г.К.Самат Госдумага депутаттыка аттанып жаткан Кожоевди кабыл алды

3708

Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат «Жалпы Россиялык Кыргыз Конгресси» коомдук бирикмесинин президенти, «Единая Россия» партиясынан Россия Федерациясына депутаттыка талапкер болуп жаткан Кубанычбек Кожоевди кабыл алды.

Жолугушууда алар Россиянын аймагындагы мекендештер арасында кыргыз тилин, маданиятын сактоо жана жайылтуу, маданий борборлорду түзүп, жергиликтүү маданиятка мекендештердин көнүшүнө шарт түзүү, жаштардын спорт, билим, искусство жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүнө шарт түзүү, мигранттардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо жаатында маектешти.

 Ошону менен бирге, Кубанычбек Кожоев  “Единая Россия” партиясынын колдоосу менен Госдумга депутаттыка аттанып жаткандыгын кабарлады.

Эске салсак, Россиянын жарандыгын алган мекендештер  80 шаардан добуш бере алат.

Россиянын аймагында жалпы 1 млнго жакын мекендештер бар экенин эске алсак, алардын 3төн бир бөлүгү Россиянын жарандыгын алгандар.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыргызстандык жаран, Россиянын Мамлекеттик Думасына депутат болуу мүмкүнчүлүгү жаралып олтурат.

Кожоевдин ГосДумага депутат болуп калуусу эң оболу мекендештердин эмгек жана социалдык укуктарынын сакталуусуна жол ачат деген ишеним бар.
Элчи Гүлнара-Клара Самат алдыдагы шайлоодо Кубанычбек Кожоевге ийгилик каалап, колдон келген жардамын аябасын айтты. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3709