7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туманбаев туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду жарыялады

388

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы» мамлекеттик ишканасына иш сапар менен барып, аңчылык чарбасын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу боюнча инфраструктуралык планды талкуулады.

Иш сапардын жүрүшүндө экологиялык туруктуулукка жана табигый ресурстарды сактоого өзгөчө көңүл бөлүнүп, төмөнкү сунуштар айтылды:

  • 1. Коноктор үчүн экологиялык стандарттарга жооп берген мейманкана куруу.
  • 2. Туристтер үчүн экосистемага зыян келтирбестен, табигый чөйрөгө шайкеш келүүчү А-фрейм үйлөрдү куруу.
  • 3. Мейманкананын аймагында жергиликтүү экологиялык таза азыктарды колдонуу менен ресторан ачуу.
  • 4. Туруктуу балык уулоонун принциптерин эске алуу менен балык чарбасын өнүктүрүү, бул туристтик кызматтардын түрүн көбөйтүүгө жана балык уулоо менен камсыздандырууга шарт түзөт.
  • 5. Табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу жана аны менен катар экологияны таза сактоо бул биздин негизги максат.

Белгилей кетсек, бул пландар аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, туристтер үчүн кызыктуу жайлардын санын көбөйтүү жана экосистеманы сактоо менен туризмдин өсүшүнө шарт түзүүгө багытталган.

389