7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тургун: Биз ушул жерди чечип туруп кетебиз, бул кыргыздын жери!

297

Баткен облусу Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери менен канаатташ жайгашкан. Көчөнүн бир тарабы өзбек, бир тарабы кыргыз байырлаганы менен жыл сайын чек ара чыры көтөрүлүп, эки тараптын араздашуусу токтобой келет. Бул ирет да чырдын сыры чечилбей, эл бийликтен чечкиндүү кадамды күтүүдө.


Кечээ, 14-февралда Баткен облусунун Боз-Адыр айылында жашаган өзбек улутунун жашоочусу Кыргызстандын аймагына кирип, электр мамычасын орноткон. Ал дароо үч фазалуу зымды тарттырып келүүнү көздогөн. Буга жергиликтүү эл каршы көтөрүлүп, кечээ түнкү саат 23:00дө мамычаларды алдыртып салышкан.


Учурда аймакта эл топтолуп, бийликтен, мамлекеттик каттоодон чечкиндүү кадам күтүшүүдө.

«Карта боюнча биздин жерибизди өзбектер мүрзө кылып колдонуп келишет. Бул тууралуу баары эле билет. Биздин чек ара өзүбүздө калсын, алардыкы өзүнө эле буйрусун. Биз ушул жерди чечип туруп кетебиз. Бул кыргыздын жери», — дейт тургундардын бири.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

298