7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туризм фондунда аныкталган 90 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду

225

Туризм фондунда аныкталган 90 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылган.

Тактап айтканда, 2022-2024-жылдар аралыгында фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Натыйжада өлкөдө туризмди өнүктүрүү тармагында жасалма көрүнүштү калыптандыруу максатында мамлекет үчүн пайдасыз болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлгөнү аныкталган. Бирок, аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес.

Көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 90 млн сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилген.

226