7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Туризм тармагы сөздөн ишке өттү»

275
Туризм тармагы сөздөн ишке өттү. Бул тууралуу Бакай Абдималик фейсбукка билдирди.
«Эгемендик алгандан бери, улам бир бийлик «Туризмди өнүктүрөбүз» деген сөздү тажабай кайра-кайра кайталап келди. Бирок, иш жүзүндө жеке жактарды эсепке албаганда туризм ордунан «былк» деп козголгон эмес. Бүгүн, бул жаңылыкты окуп кубандым. Аркан жолдор менен лыжа трассалары эмдиги жылы толук аягына чыгып пайдаланууга берилет экен. Демек, буйруса 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында трасса ишке кирет. Азыркы бийлик көңүл бурбаган бир дагы тармак калган жок. Ошол эле Ысык-Ата курорту эсил кайран СССР кезинен бери эски доорду эске салган «эстелик» болчу. Азыр таанылгыстай өзгөрүп заманбап болуп кайра курулду. Буга кошумча Караколдон Жыргалаңга чейинки 4 тилкелүү жол дагы эмдиги жылы күзгө чейин аяктоосу күтүлүүдө. Эң негизгиси мунун баарын мамлекет өзү каржылап, өзү жасап жатат. Баракелде!», — деген Абдималик.
276