7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Турсунбек Акун: Чет мамлекеттер тарабынан каржыланган маалымат каражаттары саясий күчтөр менен беттешип, чагымчыл аракеттерге барышууда

277

Турсунбек Акун “Азаттык” радиосун конституциялык жыйындын мүчөлөрүнө жалаа жапты деп айыптады. Бул тууралуу ал пленардык жыйында билдирди.


«Эртең мененден кечке чейин “Азаттык” радиосу жана башка сайттар конституциялык чогулуштун жана курултайдын ишин жаманатты кылуу менен алектенишет. Радио АКШ Конгресси тарабынан каржыланары белгилүү болду. Алар өлкөнүн ички ишине кийлигишишет. Жыйындын мүчөлөрү, курултайдын демилгечилери эфирге чакырылып, чыккынчылар деп аталат. Биз 20 жылдан бери курултай маселесин көтөрүп келе жатабыз. Биз чыккынчыбызбы? Этика кайда? Бүгүнкү күндө чет мамлекеттер тарабынан каржыланган маалымат каражаттары саясий күчтөр менен беттешип, чагымчыл аракеттерге барышууда «, — деди мурдагы акыйкатчы.
Турсунбек Акун көтөрүлгөн маселелерге байланыштуу “Азаттыктын” жетекчилигине кайрыларын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

278