7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Турсунбек Акун: Россия менен бирге жайында Көлдө мигранттар маселеси боюнча форум өткөрөбүз

359

Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресстин координатору, мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун: Жакында мен Москвага барып, президент Владимир Путиндин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев менен жолугуп келдим, ал Кеңештин мүчөлөрү Александр Брод жана Кирилл Вышинский менен дагы пикир алмаштык. Талкууланган негизги маселе – 22-мартта Москвада болгон теракттан кийин Борбор Азиядан Орусияга барган эмгек мигранттарына болгон мамиле жана алардын жалпы эле абалы.

Москвада дагы, андан соң Санкт-Петербургга барганда да ал жакта жашаган кыргыз мигранттары менен жолугуп, алардын маселелерин талкууладык. Петербургдагы кыргыздар Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургуузу үчүн шаардын ичинде атайын жер тилке алып койгон экен, эми ал тууралуу мамлекет аралык чечим керек болууда. Фадеев менен – жай айларында Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде, эмгек мигранттарынын маселесин талкууга ала турган эл аралык форум өткөрүү тууралуу макулдаштык.

360