7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон окуя катталды

466

Бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында курал пайдаланылган окуя катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.

Болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган. 

Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.

Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачылардын талабын Тажикстандын жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызсандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган.

Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.  

“Кыргыз Республикасынын чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок. Такталбаган маалыматтарга караганда Тажикстандын бир жараны бутуна жаракат алган. Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз. Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болоору күтүлүүдө”, — деп берилет билдирүүдө.

Учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

 

 

467