7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тушоо кесүү» күмүш коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыгарылды

120

Бүгүн, 8-декабрдан тарта «Тушоо кесүү» күмүш коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

«Тушоо кесүү» – бүгүнкү күндө да эл арасында кеңири колдонулуп келе жаткан, кыргыздын байыркы ырым-жырымдарынын бири. Бул ырым, бала өз алдынча басууга алгачкы кадамын таштаганда жасалат. Илгертен бери эле ата-эне бул жөрөлгөнү сөзсүз түрдө там-тум баскан бала бутуна бекем турушу жана анын кийинки өмүр жолу бактылуу жана ийгиликтүү болушу үчүн жасашы керек деп эсептешкен», — делет маалыматта.

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 6 940,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин сатылууда.

Тыйындын аталышы — «Тушоо кесүү», номиналы — 10 сом, металлы — Ag 925, диаметри — 38,61, салмагы (г) — 28,28, сапаты — Proof, нускасы (даана) — 1000.

121