7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туугандары тарабынан сабалган наристенин окуясы иликтенет

574

Ош облусунун Алай районунда туугандары тарабынан сабалган наристенин окуясы иликтенет. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кабарлады.

  «Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн алдын ала маалыматы боюнча, баланы Алай аймактык ооруканасына туугандары алып келишкенде денесинде көгала тактар ​​болгон. Ички иштер бөлүмдөрү өз иштерин жүргүзүп жатат. Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү эртең ошол жерге барып, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын алкагында иликтөө жүргүзүшөт», — деди Атыр Абдрахматова

Алай районундагы Сары-Могол айылында үч жашар наристени тууганы сабап салганын укук коргоочу Назгүл Турдубекова 27-июнда кабарлаган.

Ал Акыйкатчы институтунан окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, укуктук баа берүүнү талап кылды.

«Баланын ата-энеси ажырашып, апасы Бишкекке иштегени кеткен. Бала тууганынын колунда калган. Алдын ала маалымат боюнча, баланы аёсуз сабап жүргөн, денесинде күйүк бар», — деди Турдубекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575