UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Ислам Махачев Кыргызстанга келип, Каракол тоо лыжа базасында эс алууда.
1991-жылы 21-сентябрда Дагестанда төрөлгөн. Анын атасы спорт менен машыккан. Махачев бала кезинен бери спорт менен машыгат. Ал спортту ушу-саньда менен баштаган, андан кийин дзюдо, эркин күрөш менен алектенип, кийин самбого өткөн.
Ислам Махачев Хабиб Нурмагомедов менен дос болуп, анын бир тууганы Абубакар менен бир класста окуган. Ал менен достошуп залга барып жүрүп, белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов мушкерди байкап, ал менен иштей баштаган. Ошентип Исламдын башкы машыктыруучусу болуп калган.
Махачев 2010-жылы ММА боюнча профессионалдык дебют жасап, бир добуштан Магомед Бикбулатовду жеңген.
Ислам самбо боюнча Орусиянын жана дүйнөнүн чемпиону. Ал 2013-жылы Мансур Барнауини жеңип, M-1 Global үлгүсүндөгү дебют жасаган.
Махачев 2015-жылдын 23-майында биринчи раундда Лео Кунцты тапшырганда UFCде дебют жасаган. UFC уюмунун колдоосу астында Ислам он жеңишке жетип, бир жеңилүү ызасын тарткан.
Учурда анын машыктыруучусу Хавьер Мендес.
Ислам Махачев бош убактысында балык уулоо, тасма көрүү, компьютердик оюндарды ойноо менен алектенет. Ал эми спортко келсек, эркин күрөш, тоо лыжа спортуна ошондой эле, футболду жакшы көрөт. Ал өзү жөнүндө көп маалымат бербейт, ошондуктан социалдык тармактарда мушкер жөнүндө маалыматтар аз.
ТОЛУГУ МЕНЕН ЭКСЛЮЗИВДҮҮ МАЕКТИ 7-КАНАЛДАН КӨРӨ АЛАСЫЗДАР…