Бүгүн, 28-декабрда, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарындагы №21 мектеп-интернатындагы угуусу начар жана кеч өрчүгөн балдарга барып кайтты.
Салтанаттын жүрүшүндө УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аталган мекеменин жалпы эмгек жамаатын жана тарбиялануучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына ден-соолук каалады. Андан соң, УКМКнын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан кир жуугуч машина, телевизор, 200 жуп идиш-аяк, 30 баланын кышкы курткалары, таттуулар салынган 150 жылдык жаңы жылдык белектер, 120 килограмдан ашык кир жуучу порошок жана 5 куту самын тапшырган.
Жолугушуунун жыйынтыгында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды.