7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК айыл өкмөт Мунарбек Сайпидиновдун кармалышынын себептерин атады

231

Кечээ, 11-январда УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган иштердин көлөмү 1 млн сомго көп экендиги аныкталды. Айыл өкмөт башчысы башка жооптуу адамдар менен биргеликте иштерин сапатсыз бүткөрүлгөн бул объектти эксплуатацияга кабыл алган.


Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында ар кандай кылмыштарды жасоо үчүн түзүлгөн уюшкан топ түзүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө, ал жерде Савай айыл башчысы күбө болуп жатат.


УКМК буга катар эле Ош облусунда жана Ош шаарында ар кандай кылмыштарды жасоо үчүн түзүлгөн уюшкан топту түзүү боюнча фактыны иликтеп жатат. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. М.С. азыркы учурда УКМКнын Оштогу башкармалыгында камакка алынып, иликтөө жүрүп жатат.
Учурда Сайпидинов УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сайпидинов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында анын кабинетине УКМК тарабынан мөөр басылып, кулпуланганын көрсөткөн болчу. 2020-жылдын 19-ноябрында анын үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

232