7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке мыйзамсыз ишке кирген мүчөлөрү аныкталды

690

УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактыларын аныктады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси 1993-жылы туулган Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, фракциянын катчылыгынын эксперти 1994-жылы туулган Алибаева Айгерим Абдижалиловна жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азаматка карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча УКМК аталган жарандарга кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Алибаева менен Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен А.Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691