7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Бабанов мамлекеттик бюджетке 100 миллион сом которот. Козголгон кылмыш иштер токтотулду

1756

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Өмүрбек Бабановго жана ага тиешеси бар коммерциялык түзүмдөргө карата мурда козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, Бабановдун жана анын жакындарынын иш-аракеттеринде мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирген фактылар табылган эмес. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш токтотулду.

Ошондой эле Бабанов мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которгону кабарланды.

Быйыл январда УКМК Өмүрбек Бабановду суракка чакырган. Анда Бабанов сотко чейинки бир катар териштирүүлөрдүн алкагында фигурант катары өтүп жатканы айтылган.

Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал 2020-жылы парламенттик шайлоодон мурун «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин, саясаттан да оолак болорун жарыя кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1757