7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Бишкекте колл-борбордун 43 кызматкери кармалды

251

УКМК башында казакстандыктар турган, Бишкекте иштеп жаткан колл-борбордун 43 кызматкерин кармады.

Алар биологиялык кошулмалар менен тиричилик техникасын сатып, ишенимге кирген кардарларга лоторея билетин сатып алууну сунушташкан. Лотореядан утуп алуу үчүн башка эсептерге кардар акча которушу керек болгон. 

Атайын кызмат колл-борбордун лоторея ойнотууга лицензиясы жоктугун жана каттоодон өтпөгөндүгүн билдирди. Ошондой эле колдонулган серверлер менен маалымат базалар

Казакстанда жайгашканы аныкталган. 

Колл-борбор киреше табуу үчүн манипуляция ыкмаларын колдонгону, алдангандардын көбү улгайган адамдар экени айтылды. 

Жыйынтыгында 43 кызматкер кармалып (арасында 4 өспүрүм бар), 78 ноутбук, 43 телефон алынган. Тергөө уланууда.

252