7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Эгер Матраимовдун чет өлкөдөгү мүлктөрү табылса тергөөгө алынат

232

Эгерде Р.Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, анда сотко чейинки тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин ММКда Матраимовун чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги жазылып келген. Буга байланыштуу Р.Матраимовго таандык мүлктөр тергөөгө алынып, бул мүлктү аныктоо улантылууда.


2021-жылдын 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Р.Матраимовго карата, коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, кыймылсыз мүлктү камакка алуу жокко чыгарылсын жана кызматташтык үчүн келишимде каралган 5-категорияга ылайык айып түрүндө жаза колдонулсун деп өкүм чыгарган. Ошол эле учурда, сот жазалоо жана кызматташуу келишиминде каралбаган мүлктү конфискациялоо укугуна ээ эмес.


Көрсөтүлгөн кылмыш ишинен тышкары, А.Саймайтинин айткандары туралуу УКМК ар кандай банктар аркылуу Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине байланыштуу 700 миллион АКШ долларынан ашык кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркия Республикасына, Дубай Эмиратына, Украина Республикасына жана Россия Федерациясына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү.


Белгилей кетсек, анын мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Р.Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

233