7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК эки милиционерди баңгизат менен кармады

237

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, 29-апрелде дагы бир ири дозаны өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын капитаны ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты кармалды.

Белгиленген кызматкерлердин жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңги каражаттары табылган. Кармалган милиционерлердин бирөөсү убактылуу кармоочу жайга, дагы бирөө №1 тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, бул иш аракеттер ИИМдин ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн.

238