7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

1094

11-августта эл аралык террористтик уюмдардун (МТО) активдүү мүчөсү, 1983 -жылы туулган Кыргыз Республикасынын «А.А.» аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында, Кыргызстандан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда  УКМК тарабынан “А.А” аттуу жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1095