Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында алдыдагы 2021-2022-окуу жылына окуу планын айтып берди.
Анын маалыматына ылайык, окуучулар үчүн окуу планы боюнча I чейрек – 15-сентябрдан башталып, окуу процесси 5-ноябрга чейин уланат жана 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин эс алуу болот. Ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо 9-июнда өтөт.
9 жана 11-класстар үчүн мамлекеттик экзамендер 10-июндан 1-июлга чейин созулат.
9-класстарга күбөлүк берүү 11-июлга, ал эми 11-класстарга аттестат берүү 15-июлга пландалган.
11-класстын базасында орто кесиптик билим берүү мекемелери үчүн окуу биринчи семестр – 15-сентябардан 31-декабрга чейин уланат. Ал эми эс алуу 18-июлдан 14-сентябрга чейин созулат.
«Өз кезегинде 2022-2023-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу үчүн кабыл алуу комиссия 20-июндан 10-сентябрга чейин жүргүзүлөт», — деди ал.