7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Имамидин Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өзүнө залал келтирген

239

УКМК Имамидин Ташовдун жактоочусу тараткан маалыматка байланыштуу, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өзүнө атайылап ден соолугуна залал келтиргенин билдирет.

Ошону менен бирге, УКМК 30-октябрда саат 9:00дө УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан пландуу кыдыруу учурунда Ташовдун курсагынан эки бычак сайылган жара табылганын жана тез жардам келгенге чейин УКМКнын тергөө абагынын медициналык кызматкерлери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн белгилейт. Тез жардам келгенден кийин  аны 4-шаардык ооруканага алып баруу чечими кабыл алынган. Ошол учурда анын абалы туруктуу деп бааланган.

И.Ташовдун камералашынын айтымында, анын жанында бир жолу колдонулуучу устара сакталып, анын кесепетинен денесине залал келтирген. Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга атайын даярданган.

И.Ташов 4-шаардык оорукананын хирург-дарыгери тарабынан кароо учурунда УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгын айтып даттанган. Бирок бул факт чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК тергөө абагынын периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат.

Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Деген менен И.Ташов КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен И.Ташов КР Юстиция министрлигине караштуу  № 21 тергөө абагына киргизилди.

 

 

240