Бүгүн, 29-октябрь күнү эркин күрөшү боюнча жаштар (U-23) курама командасынын мүчөлөрү Албаниянын Тирана шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келишти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Эске салсак, эркин күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Албаниянын Тирана шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3 медаль (2 күмүш, 1 коло) жеңген.
57 кг чейинки салмак категориясында Абдымалик Карачев жана 74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болушту. Ал эми 65 кг чейинки салмакта Билал Шарип уулу коло медалга ээ болду.