7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылгандарга ишенбөөгө чакырат

451

Улуттук коопсуздук малекеттик комитети Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылгандарга ишенбөөгө чакырат.

Атайын кызмат акыркы мезгилде айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттери тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалып жатканын билдирет. Тактап айтканда, алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, материалдык сый акы үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылышууда.

«УКМК төрагасы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында УКМКнын кабылдамасына берилген жарандардын арыздарын жана кайрылууларын, ошондой эле Мамлекеттик комитеттин электрондук почтасын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамынын ченемдерине ылайык карай тургандыгын баса белгилейт», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу УКМК ар кандай инсинуацияларга жана абийирсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларына жол бербөө максатында коомчулукту билип туруп мыйзамсыз аракеттерди колдонбоого, мыйзамда белгиленген тартипте УКМКнын дарегине кайрылууга чакырат.

УКМК төрагасы менен тааныштыка жана башка байланышка жамынган адамдар тарабынан алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жарандарды 0-312-62-05-85 номерине кайрылууга чакырабыз.

452