7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Кара-Кечеде абал туруктуу, учурда көмүр алуу иштери жүрүүдө

785

УКМК Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыккан чыр боюнча үн катты.

Белгилей кетсек, кечээ 22-декабрда Жумгал районунда орун алган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болгон.

Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар “Атайын кызматтын” кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышкан.

Учурда абал туруктуу, “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

786