7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Караколдогу базарларда алдамчылык фактылары аныкталды

558

Каракол шаарындагы «Мега мол», «Ордо» соода комплекстеринин жана «Ак-Тилек+» базарынын бир бөлүгүнүн ээлери тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Аталган  тараптар мурда айрым соода түйүндөрүн жана дүкөндөрдү  жарандарга техникалык паспорт бербестен сатышкан. Ошол эле учурда, соода комплекстеринин ээлери коммерциялык объекттерге укук белгилөөчү документтердин ордуна ишкерлер менен 10 жылдык мөөнөткө жайларды ижаралоо келишимдерине гана кол коюшкан.

         Андан тышкары, ишкерлер өз каражаттарынын эсебинен аталган соода борборлорунда сатып алынган коммерциялык жайларды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүп, ай сайын 2500 сомдон 15000 сомго чейинки өлчөмдө ижара акысын төлөөгө аргасыз болушкан.

Кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында «Ордо» жана «Мега мол» соода комплекстеринин ээлери О.А.Э. жана О.Э.А. тинтүүгө алынып, жыйынтыгында алардын алдамчылык аракеттерин тастыктаган документтер табылган.

КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык жогоруда аталган О.А.Э. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

 

559