7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн «Касперский» лабораториясы менен кызматташат

831

Кыргызстандын компьютер колдонуучуларына кубердик чабуул көбүнчө чет өлкөдөн болот. УКМК калктын киберкоопсуздугун камсыздоо масктаныда «Касперский» лабораториясы менен кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июнь УКМК төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун директору полковник Жоробаев Жаныбек Суюнбаевич «Касперский лабораториясынын» Борбор Азия боюнча коммерциялык директору Зубанов Валерий Константинович менен жолугушкан.

Анда киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү жаатында кызматташуу,  УКМКнын  Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун потенциалын жогорулатуу иштери талкууланды. Кибер кылмыштуулук көбүнчө сырткы аймакта аткарылып жаткандыгына байланыштуу эл аралык деңгээлде иш алып баруу ийгиликтүү болоорун белгилешти.

Жыйынтыгында,  «Касперский» лабораториясы менен кызматташуу жөнүндө документке кол коюулуп, анын алкагында компьютердеги инциденттерге чара көрүү маселелери боюнча иштөөнү күчөтүү пландаштырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832