7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статистика: Өткөн суткада 526 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

434

 Кыргызстанда бүгүн коронавирус дагы 526 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында билдирди.

Маалыматка ылайык:

  • Бишкекте – 232, Ош шаарында – 101,
  • Чүй облусунда – 43,
  • Ош облусунда – 63,
  • Талас облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 9,
  • Ысык-Көл облусунда – 25,
  • Жалал-Абад облусунда – 31,
  • Баткен облусунда – 17 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 303 адам коронавирустан айыгып чыккандар:

  • Бишкекте – 176,
  • Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 46,
  • Ош облусунда – 13,
  • Талас облусу – 3,
  • Нарын облусунда – 9,
  • Ысык-Көл облусунда – 23,
  • Жалал-Абад облусунда – 8,
  • Баткен облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 921 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 323 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 246 бейтаптын абалы орто оордукта, 568 адамдын абалы оор жана 81 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 834 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 662 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек,  пандемия башталгандан бери 109 миң 193 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 18 киши айыгып чыкса, 1 миң 876 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435