7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК контрабандага байланыштуу 4 салыкчыны кармады

329

Контрабандалык товарларды легалдаштырууга багытталган коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

«Толкачтар» деп аталган жосунсуз ишкердик субъектилери салык кызматынын жана транспорт министрлигинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алышып, ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн ташылып келинген контрабандалык товарларды легалдаштыруу боюнча мыйзамсыз канал уюштургандыгы аныкталды.

Кылмыштуу топ КР аймагына импорттолгон кымбат баалуу экзотикалык жемиштерди каттоо учурунда – тиешелүү документтерин жасалмалап, товардык аттарын өзгөртүп жөнөкөй алма катары көрсөтүшкөн.

«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайынын ЕАЭБ товарларын эсепке алуунун чек ара жанындагы пункттары аркылуу товарлардын көлөмүн төмөндөтүү менен алектенишкен. Андан соң, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу деп көрсөтүү максатында салык кызматынын жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жүк түшүрүүчү жайга барышып, товарлардын импорттук документтерге туура келүүсүн текшерүү үчүн жасалма текшерүү протоколдорун колдонушкан.

Бул аракеттери менен мамлекеттик кызмат адамдары акчалай сый акыларын алып, андан соң контрабандалык товарларды легалдаштыруу үчүн аныктыгын текшерүү боюнча тиешелүү актыларды түзүшкөн.

28-мартта Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 4 кызмат адамы жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкери кармалып, соттун чечими менен Бишкек шаарындагы №1 ТКЖга киргизилген.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча иш-аракеттер уланууда.

330