7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жана Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлерин кармалды

541

УКМК коррупция фактысы менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жана Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү кылмыштардын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде «коррупция» беренеси менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери жана ошондой эле Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Турускул» салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалды.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери ар бир унаадан көмүрдү тоскоолдуксуз жүктөө үчүн миң сомдон ар бир айдоочудан алып турушкан. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15 миң 376 жүк ташуучу унаага жүк жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде унаалардын саны 22 миң 199 түзгөн. Натыйжада «Кыргызкөмүрдүн» кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан.

Ушундай схемасы «Турускул» салмак-габариттик контролдоо инспекторлору тарабынан уюштурулган . Анда алар мыйзам бузууларды жашыруу үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турушкан. Ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Учурда, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда», — деп жазылат маалыматта.

542