7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу

848

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-декабрда саат 23:30да Баткен районунун Төрт-Көчө жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын райондорунун акимдери, укук коргоо жана компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушууда Баткен облусунун Дахме жергесиндеги мамлекеттик чек арага жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 ирет ок чыгаргандыгы тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында тараптардын укук коргоо органдары 2-декабрдан тартып чек ара аймагында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Эки тараптын чек ара бөлүктөрү күзөт иштерин күн сайын өткөрүп турат. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

849