7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кытай жарандарынын никеси тууралуу айтылган кептерге жооп берди

273

Соцтармактарда кыргыз жарандары менен кытай жарандарынын ортосунда никелер көбөйдү делген чагымчыл жана негизсиз маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөөрүн, алардын көпчүлүк бөлүгү КЭР жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын жана башка өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөнүн маалымдайт.

Ошол эле учурда, титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын (ханьдар) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер. Бул процесстер Кыргызстандагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт.

Атайын кызмат расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

274