7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Кызматтык жасалмачылык факты аныкталды

895

Кызматтык жасалмачылык факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, учурдагы Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары «М.М.», мурда Сокулук айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеп турган убагында кызматтык жасалмалуулук фактысы аныкталды.

Такталгандай, аталган кызматкер «М.М.», банктардын биринен ири өлчөмдө насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын «Р.А.» аттуу жаранына жасалма күбөлүк берген, бирок каттоо журналында «А.Д.» аттуу башка жаранга берилди деп катталып, «Р.А.» аттуу жарандын 770 баш чочкосу, 100 баш ую, 22 баш бука жана 200 баш майда бодо малы бар экендиги жөнүндө жалган маалыматтар маалымдамага жазылгандыгы аныкталды.

Жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 1-бөлүмү (Кызматтык жасалмачылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

896