7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Өмүрбек Текебаевге болгон кол салууга атайын кызматтын тиешеси жок

924

УКМК саясатчы Өмүрбек Текебаевге болгон кол салууга атайын кызматтын эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Ал эми «Өмүрбек Текебаевдин уюлдук телефону УКМКнын имаратынын жанынан табылды» делген маалымат жалган экендигин айтып, бул аракетти чагымчылдык деп атады.

УКМК саясатчыларды жана алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерге барбоого чакырып, жалган жалаа жана чагымчылык үчүн жоопкерчиликти эскертти.

Мурдараак адвокат Канат Хасанов аппаратты кайда экенин аныктоочу программа Текебаевдин телефону УКМКнын жанында экенин көрсөтүп жатканын «Фейсбук» баракчасына жазган. Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган. Көп өтпөй саясатчыга кол салган шектүү кармалып, Текебаевдин телефону кайтарылып берилди.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо “Ата Мекен” партиясын жетектеп барган. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирген.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

925