7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК мамлекеттин бюжетине 5 миллиарддан ашуун каражат түшүрдү

797

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, алынган бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш кызматы маалымдайт.

2020-жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин УКМК мамлекеттин кирешесине 5 миллиард сомдон ашык каражатты кайтарып берди.

Алардын;
— 2 миллиард сом мүлк түрүндө;
— 3 миллиард сомдон ашыгы акчалай түрүндө.
Ошол эле учурда, бул каражаттардын бир бөлүгү учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгында, каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизилген, ага ылайык укук коргоо жана көзөмөл органдары жарыяланган каражаттарды өз муктаждыктары үчүн колдонууга укугу жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

798