7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Матраимовдун батирлерин мамлекетке өткөрүп бермей болду

415

Бажыдагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген батирлер мамлекетке өткөрүлүп берилмей болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 2 миллиард сомдун 1 миллиард 400 миллион сомун төлөп, калган каражаттын ордуна 9 батирин жана «Эльдорадо» соода борборун өткөрүп берген.


«Берилген мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алынат», — деп жазылган маалыматта.


Эске салсак, мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтуруу иретинде Райымбек Матраимов 9 батирин өткөрүп берген. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.


Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, «Биз батирлерди УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беребиз, бирок алардын бири өтө чоң болгондуктан биз аны балдар үйүнө же социалдык объект катары өткөрүп беребиз», — деп билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

416