7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 2 чет элдик жаран кармалды

285

Бишкектеги курулуш объектилеринин биринде 46 чет элдик жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Аталган чет элдиктер туристтик визанын негизинде жүргөнү жана өлкөдө иштөөгө укугу жок экени такталган.

46 чет өлкөлүк жаранга карата КРда болуунун белгиленген тартибин жана эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу фактысы боюнча ар бирине 10 миң сомдон протокол түзүлгөн. Ал эми курулуш компаниясынын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган.

Учурда миграциянын мыйзамсыз каналын уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

286