7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК «Наваттын» кожоюнунун камалышы боюнча тараган маалыматты четке какты

313

УКМК «Нават» ресторанынын түптөөчүлөрүнүн бири С.Острецовдун камалышы тууралуу тараган маалыматка жооп берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматта берилгендей, ММКларда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.


«УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ломбарддардын түйүнүн жамынып алып, банк ишин мыйзамсыз жүргүзүү фактылары жана өзгөчө ири масштабда салык төлөөдөн баш тартуу фактылары 2009-жылдан азыркы учурга чейин иликтенүүдө. Ошондой эле, ломбарддардын түйүнү аркылуу кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактыларын иликтөөгө байланышкан адамдардын тобу текшерилет, алар жөнүндө маалымат тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбайт», — деп берилет маалыматта.


Эске сала кетсек, буга чейин ММКларда «Нават» ресторанынын тең кожоюну С.Острецовду кысым көрсөтүү жана өзүнүн компанияларынын акцияларын тартып алуу максатында камакка алынгандыгы жөнүндө маалымат тараган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

314