7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду

216

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.Ж.С. тарабынан катчысына карата сексуалдык асылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалымтка ылайык, атайын кызматка Октябрь райондук сотунун катчысынан судьяга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз түшкөн.

Анда белгиленгендей, судья өзүнүн иш-аракетинин мыйзамсыздыгын билип туруп, моралдык-этикалык нормаларды бузуп, кызматтык иерархияда түздөн-түз баш ийүүсүнөн улам жабырлануучунун көз карандылыгынан пайдаланып, 2025-жылдын май айынан тартып WhatsApp мессенджери аркылуу интимдик мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлай баштаган.

25-июлда Башкы прокурор аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Судьялар кеңешине сунуштама жөнөткөн.

Териштирүүнүн жыйынтыгында, судьяга Кылмыш-жаза кодекси боюнча расмий айып тагылып, ага эч жакка кетпөө тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

УКМК айыпталуучунун аракети сот бийлигинин өкүлдөрүнө таңууланган кесиптик этикага жана моралдык нормаларга туура келбей турганын белгилейт.

217