Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
16-январда Т.Шоноев көчөсүндөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында, «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
Аталган жаранды уурдап кеткен 1990-жылкы жана 1991-жылкы 2 жаран аныкталды. Алар Өзгөн районуна карай алып кетишип, аны 2 сутка бою кармашкан. Кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча которууга мажбурлашкан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлер аныкталды. Кармалгандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.