7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Премиум-класстагы 20 батир мамлекетке алынды

174

УКМК мыйзамсыз жер берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында премиум-класстагы 20 батирди мамлекеттин пайдасына алды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирет.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы Бишкек мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү учурунда, курулган турак-жайдын 13 пайызын муниципалитет алсын деген шарт менен келишим түзүлгөн. Бирок коррупциялык байланыштарды пайдалануу жолу менен соттун чечиминин негизинде милдеттенме келишимден алынып салынган. Кийинчерээк жер тилке үчүнчү жактарга сатылып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө премиум-класстагы батирлерден турган “Президент” турак-жай комплекси учурда жергиликтүү курулуш компаниясы тарабынан 75 сотка жерге курулуп жаткандыгы аныкталган. Мындан улам, курулуш компания ак ниеттүү сатып алуучу катары мамлекетке ыктыярдуу негизде 14% (жер тилкесинин сатып алуу баасын эске алуу менен), башкача айтканда, жалпы аянты 2 285 чрчы метрди түзгөн 20 батир жана 2 коммерциялык жайды өткөрүп берди.

УКМК Бишкектеги жер тилкелер боюнча мыйзамсыз аракеттерди аныктоону улантып, тиешеси бар адамдарды тактоодо. Аларга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлмөкчү. Мындан тышкары, жогорудагы фактынын негизинде судьялардын аракеттерине да юридикалык баа берилет.

175