Айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо коррупциялык схемага тиешеси бар деген жүйө менен Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы “Ж.Н.Н.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан мамлекеттин айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган.
Мындай иш-аракеттердин жыйынтыгында, айыл чарба өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөң жумада айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо коррупциялык схемалар бар экендигин, ага аралашкан жетекчилерди жакын арада кармоолор башталаарын айткан болчу.
УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.
Эске салсак бүгүн, «Достук» чек ара бекетинен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан жана коңшу өлкөнүн жарандарынан опузалап акча талап кылышкан.
Коррупция менен алектенген чек ара кызматынын башчылары кармалышты