Бүгүн, 24-июнда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Токмок шаарына барды.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарынын тургундары өлкө бийлигине кайрылып, шаардагы жаңы сейил бактын курулуш иштери кечеңдеп, сапатсыз жүрүп жаткандыгын жана шаардык спорт мектебинде капиталдык оңдоо иштери бир жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй жаткандыгын айтып, жергиликтүү бийлик органдарына нааразы болушкан.
Мындан улам, УКМК Төрагасы аталган сейил бактын абалы менен жеринен таанышты. Тез арада аталган эс алуу жайында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, заман талабына жооп берген шарттар түзүлсүн деген талап коюлду.
Аны менен катар, УКМК төрагасы сейил бакта чогулган Токмок шаарынын жергиликтүү тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Шаар тургундарынын 30%ы жашаган бул райондордо бир да спорт залы жок экендиги айтылып, андыктан заманбап шарттуу спорт залын куруу тапшырмасы берилди.
Андан соң К. К.Ташиев Токмок шаардык мэриясында Чүй облусуна караштуу жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Алгач, төрага нааразычылыкты жараткан сейил бактын курулушу боюнча маселе көтөрдү. Анда эс алуу жайына тендердин негизинде 44 млн каралып, бакты куруучу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсына 42 миллиону өткөрүлүп берилгени айтылды.
Деген менен иш жүзүндө эс алуу жайына аталган каражаттар толук жумшалбай, бакты курууга кайдыгерлик менен мамиле жасалган.
Мындан улам, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени үчүн Токмок шаарынын мэри Н.М.О., Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А. жана эс алуу багын курууга жооптуу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору К.Т.Э. УКМК Төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камакка алынды.
Ал эми Чүй облусундагы ар бир район, шаар, айыл башчыларына 10 күн аралыгында, облустун ар бир жеринде жашылдандыруу иштерин жүргүзүү талабы коюлду.
Ошондой эле, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрине Чүй облусундагы ар бир объекттин курулушун көзөмөлгө алуу жана сапаттуу кылып бүтүрүү, ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрине 2026-жылга чейин Чүй облусундагы негизги жолдорду оңдоо тапшырмасы жүктөлдү.