7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиада башталды

571

Бүгүн 2-сентябрда Ысык-Көл областында бардык облустук башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен УКМКнын төрагасынын кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакияда башталды.

Быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана теннис спорт түрлөрү боюнча күч сынашат.

Спартакияданын салтанаттуу ачылышында, УКМКнын төрагасынын орун басары полковник А.Разаев, спорттук иш-чаранын катышуучуларын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант К.Ташиевдин атынан салам жолдоп, жыл сайын өтүүчү турнирдин ачылышы менен куттуктады.

Ошону менен бирге, «Кесиптик парызга берилгендиктин, чекистердин мыкты салттарын сактоодо жана өркүндөтүүдө, кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү жана өжөрлүктү көрсөтүүнүн маанимлүүлүгүн белгиледи.

Командалардын биримдүүлүгү жана спорттук духу, жакшы жана достук мамилелерге негизделген калыс оюн, бүгүнкү турнирдин негизги принциптери болот деп ишенем. Сиздерге кызыктуу оюн, чыныгы атаандаштык, командалык дух, ийгилик, жеңиш каалайм! — деп УКМКнын төрагасынын орун басары өз сөзүн жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572