7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК төрагасынын кубогу үчүн спартакиаданын жабылыш аземи болду (ФОТО)

587

УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунда УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле УКМКнын ардагерлеринин катышуусундагы УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Буга чейин маалымдалгандай, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол тенниси боюнча өттү. Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды.

Спартакиаданын жабылыш аземинде Министрлер кабинетинин орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, бул иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун бири катары спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин дене тарбия деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, тиешелүү тапшырмалар өздүк курамга берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588