Ысык-Көлдө эки кесиптештин мас абалында жолугушуусу алардын биринин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-сентябрда милицияга райондук аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну курсагынан учту нерсе менен жаракат алып түшкөндүгүн жана жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгондугу маалымдалган.
Аталган маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жиберилген.
Тергөө иштеринин натыйжасында, ушул эле күнү болжол менен түнкү саат 01.00 чамаларында Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Д. кесиптеши 34 жаштагы Ананьево айылынын тургуну К.У. менен кезигишип, спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң, алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен Б.Д. бычак менен кесиптешин бир нече жолу курсак тушуна сайып жиберген. Андан кийин жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130 (Ден соолукка оор залал келтирүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү болуп кармалган жаран суракта толугу менен күнөөсүн мойнуна алып, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.