Аламүдүн суусуна «Mitsubishi» унаасы түшүп кетип, айдоочусу жаракат алды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Бишкектин Осмонкулов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде «Mitsubishi» унаасы сайга түшүп кеткен.
Жерине беш куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адам тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.