7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Талас облусунун тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты

1075

КР УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” ДЭАнын мүчөлөрүн жана тарапташтарын ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас облусунун Талас районунун тургуну Б.Д.Ж. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен кабыл алып, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын Инкар” ДЭАнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
Б.Д.Ж. “Йакын Инкар” ДЭАнын активдүү мүчөсү катары өзүнүн миссионердик билдирүүсүндө медициналык мекемелердин кызматынан (эмдөөдөн) баш тартууга, бийликтин жана расмий дин кызматкерлеринин административдик документтерин тааныбоого чакырып, ошондой эле башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн сынга алган.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Йакын Инкар” ДЭАнын жана башка диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле калк арасында алдын алуу иш-чаралары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1076